суббота, 18 июля 2009 г.

КИМ ЭЛЕ КЫРГЫЗ,КИМ БОЛДУ?!.

Ааламдардын Эгеси,
Мактоолор болсун Аллага,
Омурго мени жаратып,
Онорду берди ал мага.
Оймок ооз, ийне тил,
Ыр коозун терип саймага.
Баатырлар откон акындан,
Баш ийбей манап, байга да.
Атылган октой созу учун,
Асылып кеткен даргага.
Камчысы кандуу хандарга,
Какшык соз айткан каймана.
Бабалар баскан жол менен,
Баратам ээрчип жай гана.
Бурулбай байлык, мансаптай,
Булганыч аккан дайрага,
Калкыма тийсин комогум.
Калк коргон кунду коромун,
Кайылмын кара жармага.

Акындык таза дил менен,
«Айтсын» деп кызыл тил берген.
Ок жетпес жерге соз жетет,
Ойлосом чыны тил- мерген.
Жебедей таамай кадалып,
Женилбес эрди тил женген.
Акыйкат айткан соз учун,
Акынга болбойт жинденген.
Баа жеткис кенеш калтырган,
Бабаларыбыз бир келген.
Баш кесет, бирок тил кеспейт,
Деген соз калган кимдерден?
Бабанын созун ким чанса,
«Манкурт» деп элим чин берген.

Таба албай туура бир жолду,
Тамтандап бастык мин жолду.
Баа жеткис баба мурастын,
Баарына салып кир колду.
Торундо бийлик талашып,
Тонкоруш менен дун болду.
Тайманбай чыккан кыйындар,
Тапанча тийип тим болду.
Калкым деген азайып,
Алкым деген мин болду.
Журтум деген азайып,
Кулкун деген мин болду.
Элим деген азайып,
Жемим деген мин болду.
«Манасын гана мактаган,
Мамлекетпи же индомбу»?
Деген, какшыгын угуп бироонун,
Кайгырып коонум кир болду.
Кичине айтып отойун,
Ким эле кыргыз, ким болду?!.

Торуно малын жайлаган,
Торт тулук семиз бактырып.
Ак боз уй тигип жанына,
Аттарга мамы кактырып,
Жолоочу отсо жол менен,
Жоргочон жигит чаптырып.
Коюн союп коноктоп,
Кооздолгон уйго жаткырып.
Аттанчу конок эртеси,
Ал уйго тилеп жакшылык.
Ал азыр бизге мындай иш,
Аябай чоочун, жат кылык.
Далдаалап уйун бекитип,
Дарбаза курат айланып.
Кол- бутун жутуп ийчудой,
Короодо добот байланып.
Терезе, эшик ичинен,
Темир тор менен кармалып.
Кирген, чыккан кишинин,
Кийимине карап жайгарып.
Кайран кыргыз пейили,
Кай жакка кетти айдалып?

Карынын суусар тебетей,
Капталдан желге улпулдоп,
Санжыра айтса балдарга,
Санаты бутпой кун- тундоп.
Чанкаса суусун кандырып,
Чаначта кымыз курпулдоп.
Тарыхтан айткан жаштарга,
Так билип, айта журсун деп,
Кылгырган угуп коз жашым,
Кытайга качкан уркун деп.
Коп уккан учун карыны,
Кокурогумдо мулкум коп.
Ал азыр жаштар тынсынып,
«Колхоз» деп айтат карысын.
Унутуп элдик кааданы,
Улууга салып далысын.
Койрондор кондой кокурок,
Койноктун тап дейт жанысын.
Баарысын жасайт ата- эне,
Бакыттай коруп анысын,
Ойлобойт кобу эркелик,
Он жолдон буруп салышын.
Ак сакалдардан жок эмес,
Алпарбай дукон карызын.
Сакалдан арак чуурутуп,
Сактабай арын, намысын.
Кемпирин сабап уйундо,
Келинге болуп абысын.
Балит соз айтып олтурса,
Батасы кайдан жарысын,
Жоругу мындай кишинин,
Жолдойбу жаштар багытын?..

«Кырк чачы улуу кыздын» деп,
Кымбат бул макал жакшы ырдан,
Кыз- деген назик, кызыл гул,
Кырк уйдон коруп бактырган.
Ай нуруна чагылтып,
Ак бермет, шууру тактырган.
Кочкондо аттын жакшысын,
Коркомдоп жабуу жаптырган.
Саймалуу жоолук, такыя,
Салтанат менен бастырган.
Аккуудай келбет кылыгы,
Ак карлуу кышты жаз кылган.
Ал тургай сурдуу хан Жантай,
Алсырап Моорду жактырган.
Откон сон мезгил шамалдай,
Озгорду кыздар таптаза.
Кумсарып ону саргайган,
Куйгансып шорпо чачка да,
Бетине уйлоп тутунду,
Беркиден жутуп аз гана,
Айбан да кылаар иш эмес,
Абийирин сатып акчага,
Кыргыздар учун бул адат,
Кылымда болбос, маскара.
Таяктын эки жагы бар,
Тартиптуу кыздар дагы бар,
Ыймандуу кыздар бар учун,
Ырыстуу элдин багы бар.
Бузулган жагын айтайын,
Бугум бар ичте жарылаар.
Качырат алар кутуну,
Капканга туртот бутуну.
Ай отпой бойдон алдырат,
Азап го кыргыз тукуму.
Жазыксыз кайран наристе,
Жашоого болбойт укугу.
Топтошуп бийлик талашпай,
Токтотсок кантет ушуну?..

Эр жигит элдин четинде,
Энишкен жоонун бетинде.
Аталар айткан бул макал,
Ар кимдин бардыр эсинде.
Далилдеп откон Чолпонбай,
Дзотту тоскон кезинде.
«Ордонду душман басканча,
Ойгонбой уйдо жатканча,
Оронгон артык кепинге».
Ушундай баатыр создорду,
Улуулар куйган сезимге,
Тепсетпей баба арбагын,
Талатпай жоого мал- жанын.
Жесир таштап алганын,
Жетим таштап балдарын,
Уудан да ачуу намысты,
Учуна байлап найзанын.
Мекени учун кылычтын,
Мизине коюп кан- жанын.
Сыздаган бирок сынбаган,
Сыноосун тартып Алланын.
А бугун,улбуроп аран биликтер,
Узулгон турат умуттор.
Алптардын жолун улантчу,
Азайып калды жигиттер.
Торт туяк турчу такалуу,
Тогулгон этке кулуктор.
Таш болуп булчун тырышкан,
Тамтык жок кулак бырышкан.
Мандайы тердеп иш кылбай,
Манжасын аяп турушкан.
Жетоо тегиз аттанып,
Жоо чаап келчу баштанып,
Жортуулга тундоп чыгышкан.
Сугалак иттей сук артат,
Сумканын корсо домпогун.
Тыгылып маршрут ичинде,
Тытмалап элдин чонтогун.
Кой десен баары жабылып,
Койгулап жатса келтегин.
Камкору болбой мекендин,
Канкору болду олконун.
Аларды салбай тартипке,
Айланды чондор артистке,
Бийликтин соруп эмчегин.


Абалкы кыргыз той берсе,
Айылдан майрам шан чыгып.
Жети дубан кыргызга,
Жеткирип кабар айтылып.
Жебедей сызган, жел жетпес,
Жер чапчып кулук алкынып.
Кырк жигит чаап кок бору,
Кызышып атка камчы уруп.
Устукан берип жаштарга,
Улуусу нуска калтырып.
Кылкыяк, комуз, чопо чоор,
Кылымдын куусу тартылып.
Таймашса токмо акындар,
Тандайга тили жанчылып.
Айтыштан женген мыктысы,
Ал тойго кылган жарчылык.
Ак бата алып той ээси,
Айлында болгон барчылык.
Азыр, Той берсе чондор бапырап,
Топ жылкы соёт тапырап.
Чертилген комуз куусу жок,
Чет элден ырчы чакырат.
Чечинген жарым кийимчен,
Чет элче ырдап бакырат.

Тилдесе деле бутундой,
Тилине кобу тушунбой.
«Бали» дейт колдор шатырап.
Ак эмгек менен таппаган,
Арам дуйно чачылат.
«Бодононун» суту деп,
Ботолко далай ачылат.
Аялы душман корунуп,
Арстандай атылат.
Уркутуп сабап балдарын,
Уйунун кутун качырат.
Биригип достор жур дешип,
Бирин- бири кашылап.
Кыздар бар сауналарда,
Кызматын кылган асырап.
Арам акча коп болсо,
Азгырык ишке ким барбайт.
Азгырган шайтан кылыгы,
Адамды тургай жинди алдайт.
Ал жакта болгон жорукту,
Айтууга кызыл тил барбайт.

Акылмандар калтырган,
Айтайын элдик макалды.
«Конулун суйгон уулуна,
Корсотпо деген базарды».
Чанжырап суйлой берет деп,
Чандынбы кыргыз атанды?
Акча деп кунду батырып,
Акча деп тостук азанды.
Акчага сатып жибердик,
Ак калпак, комуз, чапанды.
Карылар айткан кайран соз,
Карытпай калды сапарды.
«Пулун болсо, кулунмун»,
Деген созго такалды.
Атасы он сом бербесе,
Мектепке барбайт баласы,
Аз акча берсен албайм деп,
Сабакка бугун барбайм деп.
Уйдо да базар карачы?
Ар- бир кызмат орундун,
Атайын койгон баасы бар.
Акылдын тийбейт пайдасы,
Акчан бар болсо сатып ал.
Беш айда иштеп кайрадан,
Бергенин уйго ташып ал.
Баш ийбесен кубалайт,
«Базарком» деген башы бар…
КМШнын базары,
Кыргызстан- деп аталды.
Кыргызда ушул акыбал.
Байлыгын болбойт арачы,
Башбаккан ажал ойнуна.
Акчасын жыйнап олгондор,
Ала жатпайт койнуна.
А коро ыйман жыйнагын.
Акча, байлык ордуна,
Кордо да бирге сен менен,
Кок тумар болуп мойнуна.
Кулкундун кулу болбостон,
Кудайдын кулу болгула!
Алкымдын кулу болбостон,
Аллахтын кулу болгула!

Кулуктордон жал кетти,
Жигитерден ал кетти.
Аныздагы дан кетти,
Адырдагы мал кетти.
Чопту, гулду куйкалап,
Чегинен ашып жай кетти.
Багбанчыдан иш кетти,
Балбандардан куч кетти.
Каада- салт улуу мурастар,
Кайрылбай баары туз кетти.
Берекеси азайып,
Пейили тарып куз кетти.
Куулонуп бакыт куш кетти,
Куйоосуз тороп кыз кетти.
Тоболдор бийлик талашып,
Торубуздон кут кетти.
Катуулап суук жылдан- жыл,
Калыбын бузуп кыш кетти.
Кесилип кыздан чач кетти,
Келинден ыйман наз кетти.
Келген конок суйулбой,
Кемегеден аш кетти.
Мондурлоп кочку сел менен,
Мээримин токпой жаз кетти.
Улуудан нуска кеп кетти,
Кичуудон акыл- эс кетти.
Алардын баарын сугунуп,
Ары жок арак жеп кетти.
Жемиштин баарын курт басты,
Жер бетинен ырк качты,
Батыштын сасык туманы,
Бардык элди чылк басты.
Жоболондуу иш жасап,
Жол бербесе да шарият,
Азайып бара жаткандай,
Адеп, намыс, ар, уят.
Татыксыз биздин пейилге,
Таарынып жатат табият.
Жок деген сайын адамдын,
Жоголуп пейли кичирет.
Пейлин тар болсо дуйно тар,
Пенделер жакшы тушунот.
Эл жаткан сайын битиреп,
Жер жаткан жокпу титиреп?..
Отурсам, турсам, бассам да,
Кунуго кечте жатканда,
Эл журтка ыйман бергин деп,
Эгемен тилейм жуз ирээт.
Тайлантка барып бир кезде,
Тайрандабады ким гана?
Эл жери кеткен бузулуп,
Мекендеп шайтан, жин гана.
Жык толуп турист дуйнодон,
Жыланач кыздар бийлеген.
Айтканга барбайт тил да ага,
Алланын тушуп каары,
Ал жерде болду «зилзала».
Пендеден канча кырылып,
Мекемелер жыгылып,
Мечиттер калды бир гана.
Кудайдын ошол белгиси,
Курдашым аны танбагын.
Башына келсе бир олум,
Байлыгын бербейт жардамын.
Ишенбей жатсан олумго,
Жети атан кайда ардагым?
Бар болсун ыйман пейлибиз,
Башынан ушул арманым.
Отурук эмес чынды айттым,
Озокто куйгон мунду айттым,
Озун бил журтум калганын!..

пятница, 17 июля 2009 г.

АЙТЫШ- 2005 БАШ БАЙГЕ


2005-жыл баш байге тапшыруу учуру
2005- жыл Жыпара, Жылдызбек, Майра, Аалы
2005- жыл Женишбек, Аалы
2005-жыл Жыпара, Аалы финал
2005- жыл Майра, Аалы, Шайырбек